Токмок шаарынын мэри алмашты
Президент Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешовду кызматтан бошотуп, ордуна Кутпидин Шакировду дайындады. Президенттин бул тууралуу жарлыгы 6-мартта жарыяланды.
Кутпидин Шакиров 48 жашта. Ал 2021-2023-жылдары Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Кийин Кемин районуна аким болуп дайындалып, быйыл 10-февралда кызматтан алынган.
Алтынбек Эргешов бул кызматка былтыр 25-июнда дайындалган. Ага чейин президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп иштеген. Былтыр жайында коомчулукта Нарын облусуна көңүл бурулбай, курулуш иштери жай жүрүп жатканы тууралуу талкуу жүрүп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барган. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин сынга алып, бир катар тапшырмаларды берген.
Бул окуядан кийин президент Жапаров Эргешовду кызматтан алып, Токмок шаарына мэр кылып дайындаган.
Ташиев анын алдында Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп жаткан учурда шаардын ага чейинки мэри Максат Нусувалиевди кармоо тапшырмасын берген. Кийин ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, былтыр ноябрда сот аны 13 жылга кескен.
Президент Садыр Жапаров 6-мартта Сузак, Алай, Тогуз-Торо, Кара-Суу, Бакай-Ата жана Нарын райондоруна жаңы акимдерди дайындады.
