ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ошто эки милиция кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кайгуул кызматкери 2025-жылы августта айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү үчүн эки адамдан жалпы 100 000 (жүз миң) сом акча алган. Акча милиция кызматкерине Мбанк мобилдик тиркемеси аркылуу которулган.

4-март күнү шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Ош ШИИБдин "Сулайман-Тоо" милиция бөлүмүнүн кызматкери акча каражатын опузалап талап кылгандыгы үчүн кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы Ош шаарында дагы бир милиция кызматкери тергөөгө чейинки текшерүүдөн оң чечим чыгаруу үчүн жергиликтүү жарандан 200 доллар талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Ал да УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү тараптан кандайдыр бир комментарий бериле элек. (ZKo)