Иракта Иранга таянган куралдуу топтун кол башчысы жок кылынды
Иранга таянган жана аймактагы таасирдүү куралдуу топтордун бири деп саналган «Катаиб Хезболла» 5-мартта Ирактын түштүгүндө өз командирлеринин бири өлтүрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, уюмга жыйырма жыл мурда кошулган командир Али Хусейн ал-Фрейжи 4-мартта Кошмо Штаттар менен Израил жүргүзгөн аба соккусунун натыйжасында каза болгон.
Франс Пресс агенттиги (AFP) уюмга жакын эки булакка таянып жазгандай, «Катаиб Хезболланын» үч мүчөсү бараткан автоунаа Ирактагы топтун негизги базасынын жанында бутага алынган.
Өткөн аптада, АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операция баштаардан эки күн мурда, «Катаиб Хезболла» Иранга чабуул жасалса узак жана оор согушка даяр болууну өз мүчөлөрүнө эскерткен.
«Катаиб Хезболла» ошондой эле АКШ Иранга түздөн-түз сокку урса Ислам республикасын коргоо үчүн согушка кошулушу мүмкүн экенин билдирген.
Маалыматка ылайык, Журф ан-Наср шаарчасындагы, Багдад шаарынан болжол менен 60 чакырым түштүк-батышта жайгашкан «Катаиб Хезболланын» базасы АКШ менен Израил сокку урган алгачкы буталардын бири болгон.
Андан кийин 4-мартта дагы бир катар объектилер Багдад жана Эрбил шаарларында да чабуулга кабылганы кабарланды.
