ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Тегеранда 12 миң орундуу "Азади" стадиону ракеталык соккудан кыйрады

0

Ирандын баш калаасындагы "Азади" спорт комплекси жайгашкан районго сокку урулганы тууралуу маалымат тарагандан көп өтпөй жергиликтүү маалымат агенттиктери 12 миң орундуу стадион толугу менен кыйраганын көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялашты.

«Бүгүн эртең менен Кошмо Штаттар жана Израил жасаган ракета соккусунун натыйжасында Тегеран шаарындагы 12 миң орундуу “Азади” стадионунун бардык бөлүктөрү жана анын айланасындагы имараттар толугу менен кыйрады», — деп жазылган маалымат каражаттары тараткан билдирүүдө.

«Азади» комплекси Ирандагы эң ири жабык спорт ареналарынын бири болуп саналат. Ал 1979-жылдагы Иран революциясына чейин, 1974-жылкы Азия оюндары өткөрүлгөн маалда ачылган.

Бул жерде негизинен футзал, волейбол, күрөш, баскетбол, коньки тебүү жана ат спорту сыяктуу мелдештер өткөрүлүп келген.

Спорт комплекси ошондой эле диний жана саясий иш-чаралар учурунда коомдук жыйындарды өткөрүү үчүн да пайдаланылып келген.

4-мартта Израил Иранга соккулардын «жаңы толкунун» баштарын билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп дагы Ирандын абадан коргонуу системасы толук жок кылынганын айтып, эми Тегеран "мындан дагы олуттуу соккуларга дуушар болорун" билдирген.