ӨКМ башчысы Өзгөндөгү окуядан улам элди өрт коопсуздугун сактоого чакырды
Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов Өзгөн районунда төрт бала өрттөн чарчап калган кайгылуу окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, элди өрт коопсуздугун сактоого чакырды.
Министр чарчап калган төрт баланын жакындарына көңүл айтып, сабыр тиледи. Ошондой эле акыркы убактарда адам өлүмү менен коштолгон өрт кырсыктары көп катталып жатканын белгилеп, элди өрт коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылбоого чакырды.
"Электр жабдууларын туура пайдалануу, бузук же кооптуу зымдарды колдонбоо жана үйдөгү өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу - ар бирибиздин милдетибиз. Өрт кайдыгерлик мамилени кечирбей турганын турмуш көрсөтүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарды өрт коопсуздугун жана электр энергиясын колдонуу эрежелерин так сактоого чакырат. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын коопсуздугуна жоопкерчилик менен карайлы!", - деп жазылган министрдин кайрылуусунда.
5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болду.
ӨКМ учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын билдирди.
Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза болгон. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. (ZKo)
