ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Иран Шри-Ланканын жээгинде аскердик кемесине урулган сокку үчүн АКШны айыптады

0

Иран бийлиги Шри-Ланканын жээгиндеги аскердик кемесине сокку урулганы тууралуу 5-мартта алгачкы ачык комментарийин берип, АКШны айыптады.

"АКШ деңизде, Ирандын жээгинен 2000 миль алыстыкта зулумдукка барды. Ичинде дээрлик 130 деңиз кызматкери бар Dena фрегатына эл аралык суу аймагында эскертүүсүз кол салуу болду", - деп жазды Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык медиа платформасында жана АКШ бул үчүн "катуу өкүнөрүн" эскертти.

4-мартта АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Шри-Ланканын жээгинде Ирандын согуштук кемесине АКШнын суу астында жүрүүчү кемеси сокку урганын билдирген.

Ал тапта Иран Түркияга каршы чабуул коюу ыктымалдыгы тууралуу тарап жаткан маалыматты четке какты. Иран Түркиянын эгемендигин сыйлай турганын жана анын аймагына кандайдыр бир ракета учурушу мүмкүн эместигин Reuters агенттиги бул өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланган ирандык аскерлердин билдирүүсүнө таянып жазды.

Сирия менен Ирактын үстүнөн учуп өтүп, Түркиянын аба мейкиндигине карай учуп бараткан баллистикалык ракетаны НАТОнун коргонуу системалары Жер Ортолук деңиздин чыгышында жок кылганын 4-мартта Түркиянын Коргоо министрлиги маалымдаган.

АКШ Сенаты, ал арада, президент Дональд Трамптын Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектей турган резолюцияны кабыл алган жок. Мыйзам долбоорунда эгерде Конгресс операцияны жактырбаса, АКШнын аскерлерин аталган аймактан чыгарып кетүү талабы жазылган.

Израилдик аскерлердин 5-марттагы маалыматына караганда, Иран эртең менен Израилге карай бир нече ракета атты, жабыркагандар жөнүндө маалымат жок.

Ливандын борбор калаасы Бейруттун жанында Израилдин эки соккусунан үч адам каза болуп, алтоо жаракат алды. Ливандын маалымат каражаттары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып кабарлагандай, сокку Рафик Харири атындагы эл аралык аэропортко алып баруучу жолго урулду.

Ормуз кысыгындагы окуялардан улам азыркы тапта ал жерде 20 000ге жакын деңиз кызматкери камоолдо турганын 5-мартта Би-Би-Си Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык деңиз уюмуна таянып кабарлады.

Катардын Ички иштер министрлиги билдиргендей, АКШнын Дохадагы элчилигинин жанында жашаган тургундар эвакуациялана баштады. Сауд Арабиясындагы жана Кувейттеги АКШ элчиликтери, ошондой эле Дубайдагы АКШ консулдугу апта башында дрон чабуулуна кабылган. (RK)