ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Машыктыруучу Борис Подкорытов 78 жашында дүйнөдөн кайтты

0

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, белгилүү футбол оюнчусу Борис Подкорытов 78 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Мындай маалыматты 4-мартта Кыргыз футбол бирлиги таратты.

Подкорытов 1948-жылы Фрунзе шаарында туулган. Ал белгилүү балдар машыктыруучусу Владимир Коробченконун жетекчилиги астында машыгууларын баштаган. 1966-жылы Советтер союзунун эксперименталдык курама командасына чакырылып, советтик футболчулар Евгений Ловчев жана Сергей Ольшанский менен бирге ойногон.

Ал Москванын “Локомотив” жана Кыргызстандын “Алга” командаларында ойногон. Оюнчу катары карьерасын жыйынтыктап, 1980-жылы алгачкы жолу “Алга” командасынын башкы насаатчысы болгон.

Кийинчерээк чет элдик клубдарды жана Казакстандын “Кайнар”, “Астана” жана “Жетисуну” машыктырган, ошондой эле Казакстандын улуттук курамасынын машыктыруучулар штабына кирген.

Кийин Кыргызстанга кайтып, “Дордой-Динамо” менен иштеп, бир нече ирет Кыргызстандын чемпиону болгон.

2006-жылы Кыргызстандын Улуттук курама командасын жетектеген жана 2011-жылы машыктыруучу-кеңешчи кызматын аркалаган.

Борис Подкорытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинде өтөт.