Башаламандык беренеси менен соттолгондор: Абактагы журналист, активисттердин иши кайра каралабы?
Кыргызстандагы медиа уюмдар коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам журналисттерге, активисттерге "Жапырт башаламандык" жана башка оор беренелер боюнча козголгон иштерге жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүттөнүп жатышат.
