Кыргызстанда катализатору жок автоунааларды каттоого тыюу салуу сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы.
Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды.
Депутат Белеков келечекте Кыргызстанда жүргөн унааларды кайра каттоо учурунда да катализатордун бар-жогун текшерүүнү киргизүү керектигин билдирди.
Унаалардын техникалык абалын баалаган лабораториялар катализатору жок унаага оң корутунду бере турган болсо, аларга айып пул каралат.
Учурда Кыргызстанда жалпы 1 миллион 909 миң 961 машине каттоодон өткөн. Алардын канчасында катализатор бар экени тууралуу маалымат жок. Колдонуудагы мыйзамдарда катализатору жок унаалар үчүн эч кандай айып пул же жаза каралган эмес.
2021-жылы августта Кыргызстандан унаалардын катализаторун сыртка сатууга убактылуу чектөө кирип, анын мөөнөтү улам узарып келатат. Анын алдында автоунаалардын катализаторлорун жана ага байланыштуу металлдардын калдыктарына четке сатууга тыюу салуу боюнча талап буга чейин бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга катализатору жок автоунаалардан чыккан түтүн ден соолукка зыян экени, абаны ыксыз булгап жатканы текшерүүлөрдө далилденип келгени негиз болгон.
Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турган чыпка. Машиненин азот кычкылын, ис жана көмүр кычкыл газын зыянсыздандыра турган шайманы. Анда платина, палладий, родий сыяктуу баалуу металлдар бар.
Кыргызстанда автоунаа ээлеринин арасында катализаторду сатып жибергендер бар экени башкалаада күз-кыш мезгилинде ыш көйгөйү өзгөчө күчөп, күн тартибине чыккан учурларда белгилүү болгон. (TAb)
