ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

FT: Израилдин чалгын кызматы Хаменеини Тегерандагы жол камералары аркылуу аңдыган

0

Financial Times басылмасынын маалыматына ылайык, Израилдин чалгын кызматы Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнгө чейин эле Тегерандагы дээрлик бардык жол камераларын бузуп кирип, маалымат алып турган.

Басылманын эки булагынын айтымында, видеокөзөмөл камераларынан алынган сүрөттөр Тель-Авивдеги серверлерге жиберилип келген.

Камералардын бири Хаменеинин резиденциясына келген жогорку даражалуу ирандык аткаминерлердин айдоочулары автоунааларын кайсы жерге токтоторун аныктоого мүмкүнчүлүк берген.

Чалгын кызматы коопсуздук кызматкерлеринин жашаган жери, иш убактысы, каттамдары жана кайсы адамдарды коштоп жүргөнү тууралуу маалымат чогултуп, ар бирине өзүнчө досье түзгөн.

Мындан тышкары, Израил Хаменеинин резиденциясы жайгашкан көчөгө жакын жердеги ондогон мобилдик байланыш мунараларынын айрым бөлүктөрүн иштен чыгарган.

«Биз Тегеранды Иерусалимди билгендей эле жакшы билчүбүз. Өзүң өскөн көчөнү билгендей билсең, ар бир майда-баратты байкайсың», — деген израилдик чалгын кызматынын өкүлдөрүнүн бири.

Жол камераларынан тышкары, Израилдин чалгын кызматы мобилдик байланыш тармактарынан да маалымат алган. Мындан улам, Хаменеинин жолугушуусу качан өтөрү жана жогорку кызматтагы адамдар анын резиденциясына барары белгилүү болгон.

Али Хаменеи «Хезболланын» лидери Хасан Насралла сыяктуу жашырынып жүргөн эмес. Бирок согуш маалында коопсуздук чараларын күчөткөн.

Басылманын булагынын айтымында, ал адатта эки бункеринин биринде болмок. «Эгер ал бункерде болгондо, Израил колундагы бомбалар менен ага жете алмак эмес», — деген булак.

Израилдин мурдагы жогорку даражалуу чалгын кызматкери билдиргендей, бир нече саат учуп жеткен израилдик аскердик учактар Хаменеинин комплексине 30га чейин жогорку тактыктагы ок-дары таштаган.

Хаменеинин өлүмү тууралуу 28-февралдын кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирген.

Учурда Ирандын жогорку руханий лидеринин милдетин таасирдүү шиит аалымы Алиреза Арафи аткарууда. Ал Ирандын Конституцияны көзөмөлдөө кеңешинин жана Жогорку лидерди шайлаган Эксперттер кеңешинин мүчөсү болуп саналат.