ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Түркияда мыйзамсыз мигранттардын саны жагынан Өзбекстан үчүнчү орунда экени айтылды

0

Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын көптүгү жагынан Өзбекстан үчүнчү орунда турат. Бул тууралуу Түркиянын Миграция башкы башкармалыгы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматында билдирди.

Былтыр Түркиянын укук коргоо органдары Өзбекстандын 13 683 жаранын кармаганы, 2024-жылы 11 521 өзбек жараны миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганы маалымдалды.

Түркияда мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандардын саны 2022-жылдан тартып өсүүдө. 2021-жылы 4 817 өзбек жараны миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган.

Быйылкы эки айда 1 437 өзбекстандык мигрант аныкталды.

Мыйзамсыз миграция жагынан Түркияда биринчи орунда Ооганстан, андан кийин Сирия турат. 2025-жылы түркиялык расмий органдар 44 157 ооган жаранын жана 22 515 сириялыкты кармаган.
2024-жылы Түркияда мыйзамсыз жүргөн 66 815 оогандык жана 50 641 сириялык аныкталган.

Түркиянын мыйзамсыз миграция статистикасында Түркмөнстан, Иран, Ирак, Египет, Марокко, Судан жана Алжир дагы бар.
Түркияда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер 2023-жылы президенттик шайлоодон кийин күч алган. Стамбул баштаган бир катар ири шаарларда текшерүү күн сайын жүргүзүлүп, ондогон мыйзамсыз мигранттар кармалып, өлкөдөн депортацияланган.

Январь айынын аягында Өзбекстан өкмөтүнүн алдындагы Миграция агенттиги быйыл 1-марттан тартып Түркияда кеминде үч жыл туруктуу жашаган өзбек жарандарына ал өлкөдө иштөөгө уруксат автоматтык түрдө берилерин жарыялаган.