CENTCOM: Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командалык борборлору жок кылынды
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 2-мартта Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командалык борборлору, абадан коргонуу системалары, ошондой эле ракета жана дрон учуруучу жайлары жок кылынганын билдирди.
«АКШ күчтөрү жүргүзүп жаткан операциялардын алкагында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкаруу жана көзөмөл объектилерин, Ирандын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн, ракета жана дрон учуруучу жайларын, ошондой эле аскердик аэродромдорун жок кылды», — деп жазды CENTCOM X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Ал арада Ислам революциясынын сакчылар корпусу 3-мартка караган түнү Бахрейндеги Шейх Иса аймагында жайгашкан АКШнын аба базасына «ири масштабдагы дрон жана ракеталар менен сокку урганын» билдирди.
Расмий IRNA маалымат агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусуна шилтеме кылып, 20 дрон жана үч ракета менен чабуул жасалганын, базанын «негизги командалык штабы» талкаланганын маалымдады. Бирок бул маалыматты тастыктаган далилдер келтирилген жок.
28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынган.
Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку урду. Мунун натыйжасында жаңжал Израил–Иран кармашынан чыгып, кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучун жаратты.
