Трамп Иранга каршы согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн экенин айтты
АКШ президенти Дональд Трамп Иранды "мүмкүн болушунча" жазалоону улантууга убада берип, Ислам республикасына каршы согуш төрт аптага созулушу мүмкүн экенин айтты. Ошол эле маалда ал Тегеранда аман калган башкаруучулар менен мындан аркы сүйлөшүү үчүн каалганы жапкан жок.
"Акыркы 36 саат ичинде Америка Кошмо Штаттары жана анын өнөктөштөрү "Эпикалык каардануу" (Operation Epic Fury) операциясын баштады, бул - дүйнөдөгү эң ири, эң татаал, кубаттуу аскерий чабуулдардын бири", - деди Трамп 1-мартта өзүнүн Truth Social платформасында жарыялаган алты мүнөттүк видеосунда.
Tрамп Ирандын коопсуздук түзүмдөрүнүн жетекчилерине, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусуна, аскер күчтөрүнө жана полицияга "куралды таштап, толук иммунитет алгыла, болбосо сөзсүз өлүмгө дуушар болосуңар. Бул анык өлүм болот. Жагымдуу болбойт", - деп эскертти.
Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган. 86 жаштагы Хаменеи Тегеранга урулган соккуда өлгөн.
Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.
Орусиянын президенти Владимир Путин Хаменеинин өлүмүнөн улам Ирандын президенти менен элине көңүл айтканы Кремлдин сайтында жарыяланды.
Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөсүнөн турган топ убактылуу башкарары жарыяланган.
