ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

МИК "Азаттыктын" каарманы курьер келинге батир тапшырды

0

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” 1-мартта мекемеден билдиришти.

Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан төрт күн өткөндөн кийин эле жумушка чыгып, тигүү цехинен иш тапканын айтып берген.

Куттубек кызы тууралуу видео жарыялангандан кийин элден анын эсебине чогулган каражат 1 миллион сомдон ашканын өзү “Азаттыкка” билдирди.

Курьер келин тууралуу башка блогерлер да видео жарыялап, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.