ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Муфтият умрага барган ар бир жарандан комиссия алынып, имамдардын маянасына кошуларын билдирди

0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра сапарына барган ар бир жарандын төлөмүнөн 9% комиссия кармала баштаганын билдирди.

Бул тууралуу муфтий Абдулазиз Закиров 27-февралда жарыялаган кайрылуусунда айтылат. Мындай чара имамдардын маянасын туруктуу берип туруу үчүн кабыл алынганы белгиленген.

“Бул үчүн тиешелүү органдардан уруксат алынган, мыйзамга шайкеш келтирилген. Умра зыяратына аттанган жарандардан алынуучу каражат түздөн түз имамдардын айлыгына которулат. Ушул берекелүү Рамазан айынан тарта имамдар буга чейин 8 миң сом стипендия алып келген болсо, эми 15 миң сомдон алышат. Бул да болсо Умрага барган жарандарыбыздын эсебинен болууда”, - деди Закиров.

Алынган комиссия боюнча муфтияттын эсепчилери тыкыр көзөмөл жүргүзүп, каражаттын максаттуу пайдаланышына жооптуу экенин белгиледи.

Муфтий жаңы алына баштаган комиссия тууралуу коомчулукта туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди. Мындан тышкары жарандардын умра сапарын уюштуруу тармагын иретке салып, компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иштер жүрөрүн кошумчалады.

Мунун алдында ишкер Билим Майнаев жарандарды умра сапарына алып барган “Лидерумра” компаниясы муфтиятка комиссия катары 60 миллион сом төккөнүн айтып чыккан. Буга удаа эле “Чекит медиа” YouTube каналына муфтияттын бул сапарга барган жарандардан алып жаткан 9% комиссиясы тууралуу видео жарыяланып, социалдык тармактарда талкууга түшкөн.

2024-жылы 21-декабрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров мындан ары өлкө боюнча бардык имамдарга маяна бериле баштарын билдирген. Бул үчүн ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн тактаган.

2025-жылдын март айынан бери имамдарга 8 миң сомдон акы төлөнүп келген.

Өлкөдө 4 миңдей мечит бар.