ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Карачиде демонстранттар АКШнын консулдугуна кирип барууга аракеттенди. Тополоңдо кеминде сегиз киши өлдү

0

Пакистандын Карачи шаарындагы АКШнын консулдугунун имаратына демонстранттар чабуул коюп, бир нече киши набыт болду. Алар имараттын терезелерин талкалап, айрымдары колдоруна Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин сүрөтүн көтөрүп жүргөнү кабарланды.

Эркин Европа/"Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдиргендей, демонстрацияны "Имамия" деп аталган студенттер уюму уюштурган. Полиция менен демонстранттар ортосунда ок атышуу болгону маалымдалды. Каза тапкандар арасында демонстранттардын өкүлдөрү бар.

Associated Press консулдуктун имаратына 500дөй мусулман шиялар чабуул койгонун жазды. Фарда радиосу нааразылыкка чыккандардын көбү диний мектептин студенттери экенин кабарлады. Демонстранттар терезелерди талкалагандан кийин полиция жана күч органдары аларды союл жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таратууга аракет кылганын полициянын өкүлү Мохаммад Жавада айтты. Пакистандын куткаруу кызматы тополоңдо кеминде 8 киши өлүп, 20га чукулу жараат алганын маалымдады.

Түндө БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ менен Израилдин чабуулунан кийин Иранда жаралган кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Иранга жапырт чабуулдарды жана Тегерандын буга жооп кайтарганын айыптады. Ирандын соккулары Бахрейн, Ирак, Иордания, Кувейт, Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭнин суверендүүлүгүн бузганын билдирди. Орусия АКШ менен Израилдин кадамын "агрессия" деп атап, Иранды колдой турганын айтты. Израил менен АКШнын өкүлдөрү аскердик операция коркунучтун алдын алуу үчүн керек экенин жарыялады. Иран америка-израил чабуулдары БУУнун уставын бузарын айтып, коргонууга укуктуу экенин билдирип жатат.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган.

Маалыматтарга караганда, Ирактын борбору Багдадда да АКШ элчилиги жайгашкан районго митингчилер кирип барууга аракет кылышты.