Иран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду
Иран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду. Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги Ислам революциясынын Сакчылар корпусуна шилтеме кылып жазды.
“Иран Катардагы Аль-Удейд, Кувейттеги Али аль-Салем, Бириккен Араб Эмирликтериндеги Аль-Дафра, ошондой эле Бахрейндеги АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи флотунун базасына сокку урду”,-деп жазылган маалыматта.
Reuters агенттиги Катарын борбору Доха шаарында жана Аль-Удейд аскердик базасында көптөгөн жардыруулар болгонун жазды. Өлкөнүн Коргоо министрлиги ирандык ракеталар жок кылынганын билдирди.
Ошондой эле Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) менен Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирликтери) жардыруулар болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыкты.
Ирандын Коргоо министлиги өз кезегинде “аймактагы бардык америкалык базалардын баары бутага алынарын” билдиррди.
