ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28

Автоунааны "Унаа" аркылуу каттоо токтойт

0

1-апрелден тартып кыргызстандыктар автоунаасын "Унаа" мамлекеттик ишканасына келип каттатпайт. Бардык кызмат "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 26-февралда Ош шаарындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборуна барганда билдирди.

Президенттин иш башкармалыгы маалымдагандай, Туманбаев Ош шаарындагы борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Туманбаев автоунааларды онлайн каттоо элди кезекте тургузуп кыйнабай, аралыктан эле оңой жол менен тейлөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда, айдоочулар "Унаага" машинасынын мамлекеттик номурун жана техпаспорт алганы гана келишет. Ошондой эле ал мамлекеттик номурду жана башка документтерди автомашина ээсинин үйүнө жеткирүү кызматы да болорун кошумчалады.

Президенттин иш башкаруучусу мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу быйылкы жылдын аягына чейин жүрөрүн да билдирди.

"Кыжалат болбогула, бир айдан кийин, үч айдан кийин деле келсеңиз болот. Же болбосо онлайн алмаштырууга аракет кылып көрүңүз. Кезек күтүштүн кереги жок, убакыт баарыбызга жетет", - деди ал айдоочуларга.
Учурда Ош шаарында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты курулуп жатат. Курулуш буга чейин мэриянын көзөмөлүндө башталып, бирок каржылоонун жетишсиздигинен жумуш токтоп калган. Каныбек Туманбаев курулуштун акчасын толук бөлүп берүүнү тапшырып, имаратты быйыл пайдаланууга берүүнү белгиледи.
Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процесси былтыр күзүндө "Унаа" мекемесинде жана онлайн башталган. Айдоочулар 083 медициналык маалымкатын алуу үчүн поликлиникаларда бир нече күндөп кезекте турушканын, айрымдары дарыгерге жете албай калганы тууралуу нааразылык айтылган. Жаңы жылдан кийин аталган медициналык маалымкат талап кылынбай калган.
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана алмаштырылгандан кийин жаңысын алуу үчүн айдоочулар "Унаа" мекемесинде узун кезек күтүп турушканына даттанышкан.(ZKo)