ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28

Сулайманов мандатынан ажырады, талаштуу аудио тасма тарады

0

23-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде токтотту. Отурумда мындай чечим бир добуштан кабыл алынды. Кундузбек Сулайманов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири деп саналган. Өткөн аптада ал “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчилигинен кетип, ордуна жаңы гана мандат алган Талант Мамытов лидер болгон. Сулайманов ал учурда депутаттык мандатын тапшырбай турганын айткан.

3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.

4-февралда парламенттин жыйынында Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин билдирген.