ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28

БШК Кундузбек Сулаймановдун депутаттык мандатын алды

0

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде жокко чыгарды. Отурумда мындай чечим бир добуштан кабыл алынды.

Кундузбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири. Өткөн аптада ал “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчилигинен кетип, ордуна жаңы гана мандат алган Талант Мамытов лидер болгон. Сулайманов ал учурда депутаттык мандатын тапшырбай турганын айткан.

3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.

4-февралда парламенттин жыйынында Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин билдирген.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, ал мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин ага жакын санаалаш делген министрлер, мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды.