ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Атайын кызматтын төрагасы УКМК саясий курал болбошу керектигин айтты

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “Вечерний Бишкек” басылмасына маек берип, атайын кызматты реформа кылуу тууралуу суроолорго жооп берди.

Ал башталган реформалар эл аралык кырдаалды эске алуу менен, өлкөнүн коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылууга жана конституциялык түзүлүшүн коргоого жөндөмдүү, кесипкөй жана ачык-айкын системаны түзүүгө багытталганын айтып, УКМКнын иши саясаттан ажыратылышы керектигин билдирди.

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ичиндеги уюштуруучулук жана кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында, негизги көңүл оперативдик жана аналитикалык иштин классикалык жана салттуу ыкмаларына бурулат. УКМКны саясаттан ажыратып, саясий партиялардын, идеологиялардын жана ар кандай кызыкдар тараптардын таасиринен бошотуу зарыл. УКМК саясий курал болбошу керек”, - деди ал.

Жумгалбек Шабданбеков УКМКны реформалоонун алкагында атайын кызматты мыйзамдык жолго салып, эскирген, катаал аскердик ыкмалардан башкаруунун мыйзамдуу, жарандык ыкмаларына өтүү керектигин кошумчалады.

“Коркутуп-үркүтүүдөн баш тартып, бүгүнкү күндүн шартына жараша заманбап улуттук кызматты түзүүгө убакыт келди”, - деди Жумгалбек Шабданбеков.

Атайын кызматтын жаңы төрагасы тергөө иштериндеги колдонулуп келаткан “маски-шоуну” колдобой турганын, УКМКнын кызматкерлеринин ишмердиги жашыруун болушу керектигин билдирди.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду дайындалды.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, Жакыпбековдун жакыны деп айтылып жаткан дагы бир кызматкер - Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов кармалды. Андан тышкары УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат жана козголгон кылмыш иштери тууралуу азырынча маалымат бере элек. (BTo)