Түштүк Кореянын мурдагы президенти өмүр бою кесилди
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл өмүр аягына чейин эркинен ажыратылды. Ал кутум уюштуруу жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө доо кетирүү аракети үчүн айыпталган. Экс-президент айыптоолорду четке кагып, мыйзамдын, ыйгарымдарынын алкагында иш жүргүзгөнүн айтууда. Өткөн айда мурдагы өкмөт башчы жана башка аткаминерлер да узак мөөнөттөргө кесилген. 2024-жылдын 3-декабрында ал маалдагы президент Юн Сок Ёл аскердик абал жарыялап, бирок депутаттар аны бир нече сааттан кийин жокко чыгарышкан.
