ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМК өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу радикалдашуусун алдын алууга чакырды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда өспүрүмдөрдү интернет аркылуу террордук уюмдарга азгыруу жана теракт жасоого мажбурлоо көбөйүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы алты ай аралыгында бул жаатта УКМК бир нече факт аныктады.
Алардын биринде өспүрүмдөр террордук акт жасоого даярдык көрүп, жардыруучу түзүлүштөрдү жасоону өздөштүрүү стадиясында болсо, экинчилери жардыруучу түзүлүштү жасоо стадиясында кармалган.

"Бул көрүнүштөр өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп, мамлекеттин, коомдун тынчтыгына эбегейсиз зыян алып келиши мүмкүн", - деп билдирди атайын кызмат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүкө катышуу, аны жайылтуу же көмөк көрсөтүү кылмыш болуп саналат. Коопсуздук кызматы мындай аракеттер жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өзүнө гана эмес, ата-энелерине жана жакындарына олуттуу укуктук жана моралдык кесепеттерди алып келерин эскертти. Ошондой эле ата-энелер жана коом өспүрүмдөрдүн интернетти колдонуусуна көңүл буруп, алар менен ачык баарлашуу, шектүү контент же баланын жүрүм-турумунан кооптонуу байкалган учурда тиешелүү органдарга маалымдоо маанилүү экени белгиленди.

УКМК ата-энелер өспүрүмдөрдөгү төмөнкү өзгөрүүлөргө көңүл буруусу зарылдыгын билдирди:
-интернет оюндарына болгон активдүүлүгү күчөгөнү;
-жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү;
-үй-бүлө жана достор менен байланыштан алыстоо;
-диний агрессивдүү же радикалдуу көз караштарды билдирсе;
-белгисиз адамдар менен жашыруун онлайн байланышуу;
-күмөндүү сайттарга же жабык топторго кызыгуу;
-ата-энесине, бир туугандарына агрессия көрсөтүү;
-зордук-зомбулукту актаган билдирүүлөр орун алганда.
УКМК булардын кайсынысы болбосун, өспүрүмдөрдө байкалса, атайын кызматтын жергиликтүү түзүмдөрүнө тез арада кайрылууга чакырды.
Кыргызстанда өспүрүмдөр радикал кыймыл-аракет жасаган учурлар катталып келет. 2024-жылы Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу өспүрүм кыздар кармалган.(ZKo)