ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Өкмөт башчы Касымалиев Оштун жаңы мэри Жанарбек Акаевди эмгек жамаатына тааныштырды

0
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19-февралда Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына шаардын жаңы мэри Жанарбек Акаевди тааныштырды.
Өкмөт башчы мэр негизинен саясатка аралашпай, чарбалык иштер менен алектениши керектигин айтты.
Президент Садыр Жапаров 18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди кызматтан алган. Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. Ал Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. Ошко мэр болуп баргандан бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу сыяктуу иштери менен коомчулукта талкуу жараткан.
Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келген. Ташиевдин тарапташтары ал акыркы саясий окуялар тууралуу Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен. 17-февралда атайын кызматтын мурдагы башчысы чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.
Акыркы саясий окуялардан кийин Камчыбек Ташиевге байланышы бар делген бир катар министрлер кызматтан кетти.


Жанарбек Акаев 39 жашта. Ал Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2008-2015-жылдары “Азаттык” радиосунун Ош, Бишкек, Прага кеңселеринде журналист, “Азаттык+” жаштар программасынын, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын алып баруучусу болуп эмгектенген. 2015-жылы алты айга чукул ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысынын кызматын аркалаган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, эл өкүлү болуп шайланган. 2025-жылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №8 округдан жеңип чыккан. (BTo)