АКШ: Абактагы Бекжандын иши, трак-компания жабылды
АКШда төрт кишинин өлүмүнө айыпталган кыргызстандык айдоочу иштеген трак компаниянын иши токтотулду. Окуя федералдык деңгээлде иликтенип, айдоочуга күбөлүк берген окуу жайдын лицензиясы алынды. Америкадагы кыргызстандыктар ачкан трак компанияларды текшерүү башталды. “Азаттык” көп жылдан бери трак индустриясында иштеп жүргөн мигранттар менен байланышып, акыркы окуялар, анын кесепети, миграциялык саясат тууралуу маалымат алды.
