Депутат Шаирбек Ташиев мандатын шайлоочулары гана ала аларын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда мандатына байланыштуу суроого да жооп берди. Коомчулукта “мандатын тапшырышы керек” деген сөздөргө комментарий берип, мындай деди:
“Менин мандатымды 24 миң 300 шайлоочум гана талаша алат. Башка эч ким “мандатыңды тапшыр” деп айта албайт. Мен элге кызмат кылып атам. Мен 24 миң 300 шайлоочума кызмат кылып, укугун коргоп атам. Ошолор кол чогултуп “сага ишенбей калдык. Башка адам келсин” десе ага даярмын. Анан бирөө “мандатыңды тапшыр” десе тапшырып, анан бирөө коркутса эле коркуп кала турган адам эмесмин”, - деди ал.
Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Ал 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтты.
Мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топтун президенттик шайлоону жакын арада өткөрүү тууралуу кайрылуусуна депутаттар да аралашканы айтылып, айрымдар мандатын тапшырары сөз болуп жатат. (BTo)