Чычкандагы кар көчкүдөн улам Бишкек–Ош жолу убактылуу жабылды
17-февраль күнү саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын эки тилкесине кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу автоунаа кыймылына убактылуу тыюу салынды.
Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, учурда автожолдун эки тарабындагы "Сосновка" жана "Арал" өткөрмө бекеттеринен автоунаа өткөрүлбөй, кармалып турат.
Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн узундугу 100, бийиктиги 5 метр.
Учурда жолду көчкүдөн тазалоо иштерин министрликке караштуу №23 жол эксплуатациялоо ишканасы жүргүзүп жатат.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан-чачын жаап, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен. Жолдор тайгак болуп, муз тоңорун белгилеп, буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоого чакырган.(ZKo)
(Z