ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Жакыр үй-бүлөлөрдөн "Социалдык келишим" түзүүгө арыз кабыл алуу башталды

0

Кыргыз өкмөтү жакыр үй-бүлөлөргө багытталган “Социалдык келишим” долбоору боюнча бериле турган жардамды алууга арыз кабыл алуу жана кароо иштерин баштады. Арыздар айыл өкмөттөрүндө жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынууда.

Социалдык келишим түзүү чечимин жергиликтүү бийликтин алдында түзүлгөн убактылуу комиссия кабыл алат, ал эми шаарларда мэриянын алдындагы социалдык маселелер комиссиясы чечет. Комиссиянын курамына жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү кеңештердин, бизнес-структуралардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет.

Министрликтин 17-февралдагы маалыматына караганда, "Социалдык келишим" программасынын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет. Быйыл бул программага 13 334 үй-бүлө катыша алат.

"Каржылоону социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр ала алышат. Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу керек. Ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү зарыл" деп жазылган маалыматта.

Социалдык келишим түзүүдө жашыл долбоорлорду жана "Бир айыл – бир азык" демилгесинин алкагындагы долбоорго катышууну көздөгөн үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар адамдарга, ошондой эле кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилмекчи.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүп жаткан 13 миңден ашуун үй-бүлөгө социалдык келишим иретинде 150 миң сомдон бөлүнүп берилген.
"Социалдык келишим" долбоору 2022-жылдан тартып иштеп жатат. Алгач долбоор алкагында берилген акчанын суммасы 100 миң сом болчу. 2024-жылдан тартып сумма 150 миң сомго көбөйтүлгөн.
Жалпысынан өлкөдө 1,5 миңге чукул социалдык келишим түзүлгөн, үй-бүлөлөр киреше алып келүүчү долбоорлор үчүн алган каражатын колдоно башташты.

Акыркы эки жылдан бери социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо программаларынын катышуучуларына ишкердикти өнүктүрүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя үч жылдык мөөнөткө берилип келет.(ZKo)