ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кеминде тергөө кызматынын башчысы "кылмышты жашырган" деген шек менен кармалды

0

Чүйдө Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөө кызматынын башчысы Б.М.Б. аттуу жаран кылмышты жашырууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-февралда билдирди.

Шектүү УКМКнын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-аракети алкагында кармалган.

34 жаштагы шектүү, атайын кызматтын маалыматына караганда, жашы жете элек кызга карата топ адамдар (Н.Э., С.Б., К.Ө.) жасаган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмышты жашырган. Тергөө учурунда ал соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары кылмышка аталган адамдардын баарынын тиешеси бар экенин далилдеп турганына карабай экөөнү жоопкерчиликтен бошотуп, аларга карата кылмыш ишин кыскарткан.

Коопсуздук кызматы ошондой эле шектүү өзүнүн мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу максатында өспүрүмдү жогоруда аталган экөөнүн пайдасына атайылап жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын билдирди.
Кылмыш ишинин алкагында шектүү Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындан тышкары жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин да УКМКнын тергөө органдары тергей турганы кабарланды.
Милиция кызматкерлеринин арасында кылмыш кылган же аны акчалай сыйлык - пара алуу максатында жаап-жашырган фактылар буга чейин да ачыкталып, аларды УКМК кармап, жоопко тарткан учурлар катталган.

2022-жылы Бишкекте милиция кызматкерлери 13 жаштагы кызды көп убакыт зордуктап келишкени аныкталып, ар бири тогуз жылдан эркиндигинен ажыратылышкан.(ZKo)