ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Калың кардан улам Чаткалга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.

Министрликтин маалыматында Бишкек–Ош автожолунун 255–260-чакырымдарында (Пельменный, Элик тилкеси) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, 13-февраль саат 12:00дө ачылды. Жабыркагандар жок. Токтогул районунун “Арал” постунда машинелердин бардык түрүнө улам чектөө киргизилүүдө.

Мындан тышкары Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунда бир нече тилкеге кар көчкү түшүп, эки күндөн бери тазалоо иштери жүрүп жатат.

1-февралда саат 23:44 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал–Тогуз-Торо райондорунун аралыгындагы “Капчыгай” тилкесинин 275–290-чакырымдарында 11 участокко жалпы көлөмү 10 300 м³ кар көчкү түшкөн.

Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу кызматтары техникасы менен тартылып, жол бир тараптуу ачылды. 17 машине жүргүнчүлөрү менен коопсуз жайга чыгарылды. Ошондой эле 260-чакырымда кар көчкүдөн улам өтө албай калган беш жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү Казарман айылына жеткирилди. (BTo)