ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Жапаров үн катты, Ташиев Бишкекке кайтты

0

Президент Садыр Жапаров 13-февралда расмий интервью берип, Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алуу чечимин түшүндүрдү. Ал Жогорку Кеңештин ичинде жана сыртында экөөнү бөлүүгө жасаган аракеттер болгонун, иштен алуу менен ал Ташиевдин өзүн сактап калганын, мындан алардын достугуна шек кетпей турганын билдирди.

Келерки президенттик шайлоодогу аны менен ыктымал атаандаштык жөнүндө да үн катып, каалаган адам саясий жарышка түшө аларын билдирди. Президенттик шайлоого байланыштуу 75 адамдын кайрылуусунан кийин Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты. Германияда дарыланып жүргөн Ташиев бул чечим күтүүсүз болгонун айтып, Кыргызстанга ушул таңда кайтып келди.

Үч күндөн кийинки комментарийМамлекет башчы Садыр Жапаровдун соңку саясий окуялар жөнүндөгү интервьюсу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине 13-февраль таң эрте жарыяланды. Анда ал бир нече суроого жооп берип, эбактан берки үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткону, ага чейинки жана андан кийин уланган окуялар жөнүндө комментарий берди.

Президент иштин баары Жогорку Кеңештен башталганын, "айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы" деп бөлүп баштаганын” айтты. Алар "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп айтышканын билдирди.

Садыр Жапаров кийин бөлүп-жаруу көчөдөгү "аксакалдарга" өтүп, алар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп, кол чогултуп, "жогорку жак менен макулдашылган", "Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду" деп баштаганын кошумчалады.

"Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. “Эгер биз тарапка өтпөсөң сен генерал менен будешь иметь дело” деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди. Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн “ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар” дейбизби, айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан”, - деди президент.

Жапаров Ташиевди кызматтан албаса бул иштердин аркасында мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, тирешүүгө чейин алып келүү коркунучу турганын айтты. Ошондой эле мамлекеттеги туруктуулук ал үчүн баарынан жогору экенин белгиледи.

“Достугубуз кала берет. Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан аларда ал менен байланышып, кырдаалды түшүндүрүп, анан чечим кабыл алдым. Жогоруда айтканымдай, менин чечимим мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынды. Биздин достугубузду кайсыл бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес”, – деди президент.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Президенттин чечими менен Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан, Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору кызматынан, Элизар Сманов УКМК төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан алынды. Алардын ордуна башкалар дайындалды. Мындан сырткары буга чейин УКМКнын курамында болуп келген Чек ара кызматы бөлүнүп, Мамлекеттик Күзөт кызматы президенттин карамагына өткөрүлдү.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча президент Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирген.

“Мен ооруп калып президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!”, - деген ал.

Камчыбек Ташиев өзү 13-февралда таңга жуук Бишкекке кайтып келди. Анын аэропорттон чыгып, автоунаага отурган видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Президенттин маегинен соң Камчыбек Ташиевдин айрым тарапташтары атайын кызматтын мурдагы төрагасы жакынкы күндөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, акыркы окуяларга байланыштуу суроолорго жооп берерин билдиришти.

75 кишинин каты жана "төрага операциясы"Январдын аягында Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талаш-тартыш чыккан. Февралдын башында ал дагы күчөп, бир нече саясатчы жана юристтер социалдык түйүндөрдө пикирин бөлүшүп жатышкан.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин 11-февралда кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Кайрылууга кол койгон башка адамдар суракка алынды.

Бул окуялардын фонунда 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти. Ал борбордук трибунадан сөз алып, кызматын өз эрки менен тапшырып жатканын жарыялаган жана өз чечимин Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырган:

"Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым, кысым көрсөткөн жок, ага жол да бербеймин. Бизде стабилдүүлүк болушу керек. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган саясий реформалар толук аягына чыгышы керек. Саясий туруктуулук болушу керек. Мына ушул максатты көздөп, мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечимди кабыл алып отурам. Мен азырынча эч жакка кетпейм, эч жакка барбайм, ушул жерде сиздердин араңыздарда катардагы депутат болуп, өлкөнүн келечегине кызмат кылууга даярмын", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп 12-февралда Марлен Маматалиев көпчүлүк добуш менен шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигине 77 депутат макулдугун, бешөө каршы деген пикирин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров соңку маегинде Нурланбек Тургунбек уулунун Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши тууралуу суроого да жооп берди.

Журналисттин “Жогорку Кеңештин төрагасы өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Анын бул кадамы акыркы окуяларга, 75 адамдын катына кандайдыр бир байланышы барбы?” деген суроосуна ал мындайча жооп берди:

“Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр”, - деди Садыр Жапаров.

Президенттик шайлоо талаш болгонбу?Коомчулукта президент Садыр Жапаровдон эки мөөнөт кызматта отуруп, андан соң анын эбактан берки үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев шайлоого барышы мүмкүндүгү сөз болуп келген.

Соңку жылдары ал тургай Ташиев экинчи мөөнөттө Жапаров менен тең жарышка түшүүсү ыктымалдыгы да айтылган. Камчыбек Ташиев муну бир нече ирет четке кагып, “Садыр Жапаров менен кыйышпас дос экенин, өзү азыр шайлоого барбай турганын” айткан.

Журналист Айбек Бийбосун уулунун "Президент" фильминде берген комментарийинде да Камчыбек Ташиев президенттик кызматты тартып алуу ниети жок экенин айткан:

“Садыр Нургожоевич экөөбүздүн мамилебизди, саясаттагы багытыбызды, турмуштагы чогуу аракетибизди, бардыгын, Кудайым көрүп билип турат. Биз бири-бирибизге саясат, байлык, таасир үчүн жардам берип, бири-бирибизди жөлөп таяйлы деген оюбуз жок. Экөөбүздүн достугубуз адамдык сапаттарыбыздын дал келиши болуп калды. Кызыкчылыгыбыз да дал келди, негизги кызыкчылыгыбыз мамлекетибиз, кыргызды сүйгөнүбүз. Баары эле “саясатта достук жок” дешип, ар ким бизди кагыштырганга аракет кылып, пландарын түзүп, “ушу экөө урушуп кетсе бизге дагы күн тийип калар бекен?” деп жүрүшөт. Азыр да ошентип үмүт кылгандар бар. Бирок алардын баарынын үмүтү таш кабат. Дагы бир жолу айтайын, мен Садыр Нургожоевичтин бийлигине, президенттик кызматына кызыгып жаткан жерим жок. Садыр Нургожоевичтен кызматты алып, мен президент болуп алайын деген оюм жок. Мындай ой жок болгондон кийин саясатта экөөбүз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келгенибиз үчүн көп маселелер чечилип, мамлекетибиз оңолуп жатат. Экөөбүздү өмүр бүтсө гана ажыратышы мүмкүн”.

Саясатчы кызматтан алынгандан кийинки билдирүүсүндө мындан ары “мыйзам чегинде гана аракетке өтөрүн” белгилеп, шайлоого катышар-катышпасын тактаган жок.

“Кабар” агенттигинин журналисти коомчулукта буга чейин “Ташиев мырза менен “бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт жакын досу отура” деген макулдашуу болгон деген сөздөр айтылып жатканын белгилеп, “Бул маалымат канчалык чындыкка дал келет?” деп сурады. Садыр Жапаров ага минтип жооп берди:

"Кыргызстан - демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет. Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат. Ошондуктан “бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул” деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат" - деди президент.

Былтыр парламентте маселе көтөрүлүп, 2026-жылы президенттик шайлоо өтүп калышы ыктымалдыгы айтылган. Натыйжада 2026-жылы жылы өтчү парламенттик шайлоо бир жыл алдын – 2025-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына белгиленген.