ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келгени маалым болду

0

13-февралда таңкы саат 3төрдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданына учуп келгени маалым болду. Журналист Айбек Бийбосунов Фейсбукка жарыялаган кыска видеодо Ташиевди үч киши тосуп алып, ак жол тандабас автомашинага отуруп кеткени көрүнөт. Ал түшкөн машинени дагы жол тандабастар коштоп, аба майданынан чыгып кетти.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары анын орун басарлары да иштен алынды.

11-февралда Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында дарыланып жүргөндө аны кызматтан алуу боюнча Жапаровдун чечими "өтө күтүүсүз болгонун" билдирген.

Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантарын бул мекеменин жаңы дайындалган төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан.

Жапаровдун бир топ жылдан берки саясаттагы үзөңгүлөшү Ташиевдин кызматтан алынышы коомчулукта кызуу талкууланып, эки саясатчынын мамилесиндеги ажырым тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда.

Апта башында президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 киши кол койгон кайрылуу тараган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы ажырымга жогорудагы кайрылуу негиз болгонун билдирген.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.