ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Эки депутаттык топ парламент төрагалыгына Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөттү

0

Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору парламент төрагасы кызматына талапкер катары депутат Марлен Маматалиевди көрсөттү. Бул тууралуу вице-спикер Чыңгыз Ажибаев 12-февралдагы жыйында билдирди.

Ал депутаттык топтордун чечимин тиешелүү комитетке өткөрүп берүүнү тапшырды.

44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кете турганын 12-февралда билдирди. Мындай чечимди өзү кабыл алганын айтты. Ал депутат катары ишин уланта берет.