ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Орусияда өзбек жараны "теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кесилди

0

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын аскердик соту өзбек жараны Жавохир Уткировду Ставрополь крайынын өкмөт үйүнө кол салуу даярдаган деген айып менен 20 жылга кести. Соттун телеграм-каналы кабарлагандай, алгачкы беш жылын ал түрмөдө, калганын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Андан тышкары Уткиров бир миллион рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Сот материалдарына караганда, 2023-жылдын январында жаздырган видео кайрылууда ал Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун кызыкчылыгында аракет көрүүгө даярдыгын айткан. Соттолуучу радикал уюмдун ана башынын буйругу менен Орусияда калк жашаган пунктту тандоо жана террордук чабуул уюштуруу милдетин алган. Мындан тышкары ал жардыргыч жабдыктарды жасап жана сактоо үчүн жашыруун жайды ижарага алууну көздөгөн.

“2023-жылдын 23-сентябрында Уткиров Өзбекстандан Орусияга келгенде Ставрополду тандаганын айткан. Кийин бир нече объектини видео жана сүрөткө тартып, материалдарды “Ислам мамлекети” террордук уюмуна өткөрүп берген. Кийинчирек ага Ставрополь крайынын Өкмөт үйүн теракттын бутасы катары көргөзүшкөн”, - деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Ошол эле жылдын 18-декабрында аны атайын кызмат кармаган.

Сот кылмыштын оор экенин эске алуу менен максималдуу өкүм чыгарды.

Буга чейин Москванын соту Өзбекстандын дагы бир жараны Ахмажон Курбоновду генерал Игорь Кирилловго кол салуу үчүн айыптап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысы менен жардамчысы 2024-жылдын 17-декабрында Москвада аралыктан башкарылуучу жабдык менен жасалган жардыруудан каза тапкан.