ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Казакстандын Башкы прокуратурасы орусиялык активистти экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырды

0

Казакстандын Башкы прокуратурасы абакта каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын Санкт-Петербургдагы кеңсесинин мурдагы кызматкери, орусиялык активист Юлия Емельянованы экстрадициялоо тууралуу Орусиянын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу "Орусиянын согушка каршы комитети" жана "Ковчег" адам укуктары долбоору кабарлашты.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандыруу жөнүндөгү чечим ага 29-январда тапшырылды. Адвокаты Искендер Алимбаевдин айтымында, чечимде процедуралык нормалар бузулган, анткени Емельянованын Казакстандан башпаанек сураган арызы дагы эле каралып бүтө элек.

2025-жылдын октябрь айында Казакстандын Башкы прокуратурасы башпаанекке байланышкан бардык административдик иштер аяктаганга чейин экстрадиция маселеси каралбай турганына кепилдик берген.

Емельянованын жактоочусу Казакстандын башкы прокуратурасынын чечимине каршы Жогорку Сотко даттанууну көздөп жатат.

"Орусиянын согушка каршы комитети" уюму Юлия Емельянованын Орусияга депортациялануу коркунучу өтө жогору деп эсептейт.

"Казакстан орусиялыктар үчүн таптакыр кооптуу өлкөгө айланды. Бул адам чукул экстрадицияланып, процедуралык нормаларды айланып өтүп, коргонуу укугунан ажыратылган төртүнчү окуя", - деди юрист Маргарита Кучушева.

Юлия Емельянова Emigration for Action жана Just Help долбоорлорунун активисти. Ал 2025-жылдын 31-августунда Алматы аэропортунда башка өлкөгө транзит менен учуп бара жатканда кармалган. Орусия бийлиги Емельяновага уурулук тууралуу айып таккан.

Активист айыптоолорду четке кагууда, ал эми укук коргоочулар кылмыш ишинде далилдер жок экенин, жасалма кине коюлганын айтып келишет. Иш 2022-жылдын июль айында сотко жеткен, бирок Емельянова Орусиядан ага чейин чыгып кеткен. Учурда активист Алматыдагы тергөө изоляторунда экстрадициялык камакта.