ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Юрист Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылды

0

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстандын президентинин иш мөөнөтү боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, Консот кайрылууну кабыл алганын билдирди.

Ал эми 11-февралда бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке Конституциялык сотко апелляциялык арыз менен кайрылуу өтүнүчү менен кат жазарын кошумчалады. Таттуубүбү Эргешбаева депутаттар мыйзамдуу укугун колдонуп, маанилүү маселени тактоо үчүн эрк көрсөтүшү керектигин айтты.

Кыргыз коомчулугунда 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу жүрүп жатат. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.

Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Президенттик шайлоо жана анын мөөнөтү тууралуу Садыр Жапаров өзү комментарий бере элек.

Учурдагы президент Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышары буга чейин эле белгилүү болгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кийин маалымат катчысы Аскат Алагөзов да айткан. (BTo)