ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кочкордо жол кырсыгынан 10-класстын эки окуучусу каза болду

0

Нарын облусунун Кочкор районунда 8-февралга караган түнү жол кырсыгынан райондогу Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектептин 10-классынын эки окуучусу каза болду.

Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кочкор райондук ички иштер бөлүмү боюнча Жол коопсуздугунун башкы башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Аблабек уулу билдирди. Анын сөзүнө ылайык, өспүрүмдөрдүн бири Kia үлгүсүндөгү машинени айдап чыккан жана автоунаада жалпы үч окуучу болгон. Кырсыктан кийин үчөө тең Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, экөө ооруканада жан берген. Дагы биринин абалы туруктуу.

Азизбек Аблабек уулу кырсык болгон күнү балдардын ата-энелери Бишкек шаарында болгонун, окуучулар машинени эч кимге айтпай айдап чыгышканын кошумчалады. Кырсыктын негизги себеби катуу ылдамдык деп айтылып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет. (BTo)