Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматтан алынды
Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Улан Жусупов элчи кызматына 2022-жылдын март айында дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) үчүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеген.
Ал тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.
Кыргызстан менен Улуу Британиянын биринчи дипломатиялык алакасы 1992-жылы түзүлгөн. Кыргызстан бул өлкөгө өз элчилигин 1997-жылы ачкан. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги 2011-жылдын аягында иштей баштап, 2013-жылы формалдуу ачылышы болгон. (BTo)
