ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ИИМ “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн билдирүүсүн текшерип жатат

0

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмилбек Жусуповдун билдирүүсүн текшерип жатат. Бул тууралуу Ош шаарында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев аталган компаниядан батир ала албай жабыркап жүргөн жарандар менен менен жолукканда айтылды.

“Жарандар компаниянын камактагы мүлктөрүн пайдалануу аркылуу курулуш объектилерин бүткөрүп, келтирилген чыгымдарды өндүрүү, ошондой эле бир эле батир бир нече адамга сатылган фактыларга байланыштуу чара көрүү маселелерин көтөрдү. Министрдин орун басары бардык арыз-даттануулар толук текшерилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын директору камакка алынып, тергөө иштери уланып жатканын маалымдады. Компания куруп жаткан бардык объектилер текшерилип, аныкталган мыйзам бузууларга укуктук баа берилет. Ошондой эле компаниянын мурдагы директорунун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү дагы текшерилип жатканы маалымдалды”,-деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Буга чейин “Эмакомдун” негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов өзү Жогорку Кеңештин депутаты болуп кеткенден кийин компанияны бир тууган агасына өткөрүп бергенин, ошол маалда ага уюшма кылмыш топтору басым-кысым кылып, коркутуп акча талап кылып жүргөнүн, ушундан улам компаниянын иши жакшы жүрүшпөй калганын айтып чыккан.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 5-февралда “Эмакомдун” тегерегиндеги соңку кырдаал тууралуу парламентте маалымат берген. Ал аталган компания “банкрот болгонун жана баштаган объектилерин бүтүргөнгө акчасы жоктугун” айткан.

“Компаниянын Ош жана Бишкек шаарларында көптөгөн объектилери көйгөй жаратып келет. Жарымы бүткөн, жарымы бүтпөгөн, бүтсө дагы эксплуатацияга берилбеген объектилер. Биз былтыртан баштап курулушу бүтүп, кардарлар кирип жашап жаткан объектилерди эксплуатацияга берүү боюнча иш алып барып жатабыз. Компаниянын бир канча үйүн колдонууга берип, маселесин жаптык. Ал эми курулуп келатып токтоп калгандары боюнча да президентибиз тарабынан тапшырмалар коюлган. Булар боюнча жакын арада чечим кабыл алабыз”, - деген Орунтаев.

“Эмакомдун” тегерегиндеги маселе соңку үч-төрт жылдан бери көтөрүлүп келет. 2024-жылы сентябрда Бишкек шаардык милициясы компаниянын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмилбек Жусуповду кармаган. Буга компаниянын кардарларынын укук коргоо органдарына кайрылуусу себеп болгон.

Милициянын маалыматына караганда, компания үлүшчүлөргө жалпы 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Жусупов 2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып, быйыл апрелде өз арызы менен мандатын тапшырган.

2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген.