ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Өзгөндө үч милиционер өспүрүм кызды "сексуалдык аракетке түрткөн" деген шек менен кармалды

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Өзгөн райондук милициясынын үч кызматкери жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге тартканы үчүн кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын 6-февралдагы маалыматына караганда, аталган милиция башкармалыгынын улук участкалык кызматкери З.у.А., жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. кармалды. Алар 2008-жылы туулган Т.А.У. аттуу кызды жарандар менен жыныстык катнашка барууга азгырып, аны менен мамиле түзгөн эркектерди колго түшүрүү схемасын түзгөнү жазылган.

“Тактап айтканда, милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды бардар эркектерге алып барып, андан соң жасалма кармоо жүргүзүп, материалдык пайда табуу максатында психологиялык басым көрсөтүү жана шантаж кылуу аракеттерин жасашкан”, - деп жазылган маалыматта.

Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, үч кызматкерди тергөө абагына киргизди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракетин моюнга алганы, башка жарандар менен да ушул сыяктуу “атайылап уюштурулган” фактылары бар экенин айтышканы жазылган.

УКМК буга чейин Ош шаардык милициясынын инспектору У.О.Ш. пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Анда милиция кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ошто иштеген чет элдик жарандарга дайым кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган.