ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Министр Досмамбетов гемодиализ кызматын мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди

0

Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов гемодиализ алган жарандарды тейлөөнү мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди. Бул тууралуу 5-февралда Жогорку Кеңеште “өкмөттүк саат” учурунда депутат Адилет Белековдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Бизге гемодиализдин сапаты начар деген маалыматтар келип жатат. Колдонулган жабдуулар да Кытайдан арзан алынып келинип, иштетилип жатат деп жатышат. Ошол үчүн гемодиализди мамлекетке эле алсакпы деген ойлор бар”, - деди Досмамбетов.

Министрдин берген маалыматына караганда, учурда өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4500дөй бейтап гемодиализ алат. Аларга негизинен жеке медициналык мекемелер аутсорсинг системасынын негизинде кызмат көрсөтөт.

Мамлекет бейтаптын ар бир сеансы үчүн 6500 сомдон төлөйт жана жылына бул дартка чалдыккандар үчүн 4 миллиард сом бөлүнөт.