ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин башчысы коррупцияга шектелип кармалды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинин башчысы коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-февраль күнү аталган бекетте жасалма кезек уюштурганы үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын "Достук" көзөмөл бекетинин башчысы А.Н.О. кармалды. Ал ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн дайыма акчалай сыйлык алып турганы, ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келгени аныкталганы маалымдалды.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди да аныктоо иштери уланып жатканы айтылды.

Мекеме мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандар үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрмө бекети Ош шаарынын четинде жайгашкан. Аталган чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

Ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Маданият", "Баймак", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме", "Кара-Суу" жана "Кең-Сай" бекеттери иштеп жатат.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар.(ZKo)