ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Сокулукта төрт жашар үч наристе сууга чөгүп чарчап калды

0

2-февралда Сокулук районунун Май айылында жашы жете элек үч бала көлмөгө түшүп кетип каза болгонун Чүй облустук милициясы кабарлады. Милицияга маалымат түшүп, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганга чейин үч баланын тең сөөгү суудан чыгарылган.

Алар “Тез жардам” кызматы барганга чейин эле каза болгону аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө үчөө тең 2021-жылы туулган балдар экени белгилүү болгон.

Көлмө четинде тосмосу жок, ачык болгон жана суунун жээги муз болуп тоңуп турган. Балдар чогуу ойноп жүргөн, сүйлөй албаган бала апасына келип окуяны түшүндүрүүгө аракет кылган. Кийин апасы уулун ээрчип барып, каналга түшүп кеткен балдарды көргөн.

“Алар күн сайын чогуу ойноп жүргөнү, кошуна жашаган, туугандык байланышы бар үй-бүлөлөрдүн балдары экени такталган", - деп билдирди облустук милиция.

Балдардын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Бишкектин аймагында жана Чүй облусунда адамдар сууга түшүп кетип каза болгон окуялар буга чейин да катталган. 29-январда борбор калаадагы Бакай-Ата жаңы конушунда эки бала сууга түшүп, аман калган эмес.