Курулуш министрлиги кызматкерлердин "500 миң сомго чейинки маянасына" түшүндүрмө берди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин айрым кызматкерлеринин жогору айлык маяна алганы боюнча түшүндүрмө берилди. Министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу 3-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинде маалымат берди. Ал айрым кызматкерлерге гана долбоор болгон учурда көп маяна берилерин түшүндүрдү.
Ал мурда 54 аймактык архитектура башкармалыгы болгону менен ал жерде иштеген архитекторлор долбоорлорду өзү даярдабай, жеке жактар чийип, чоң суммадагы каражаттар коротулуп келгенин түшүндүрдү. Учурда министрликтин алдында Архитектура департаменти түзүлүп, мекемеде сапаттуу кадрларды кармоо үчүн базар баасына ылайык маяна берилип жатканын, жогору акы архитекторлор менен технологдорго гана каралганын тактады.
“Мисалы, Нурлан Чороев бир айлыгында 477 миң 368 сом алган. Бирок анын аракети 4 миң 823 гектар аянтты топосъемка кылган. Өзүңүздөр билесиздер, баары эле бул жумушту кылганды биле бербейт. Анткени ал жумушту кылгандан кийин айыл болобу, шаар болобу, ошону жасаган адистер жер астындагы зымдан баштап, түтүктөргө чейин топосъемканы түшүрүп берет. Ошонун алкагында курулуш иштери башталат”, - деди Иманакун уулу.
Министрдин орун басары архитекторлор дайыма эле мындай суммадагы маяна албай турганын, аларга долбоорго жараша акы төлөнөрүн кошумчалады.
Министрликтеги көпчүлүк кызматкерлерге орточо айлык акы берилерин айтып, өзү министрдин орун басары катары 65 миң сом аларын мисал келтирди.
Депутат Кундузбек Сулайманов буга чейин коомчулукта Курулуш министрлигинин бардык кызматкери жогору маяна алат деп түшүнүп калганын, маалыматты туура берүү зарыл экенин белгиледи.
Буга чейин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымат каражаттарына курган маегинде министрликтин "кызматкерлери 500 миң сомго чейин маяна алып жатканын" айтып, бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
