Тажикстан: Рахмондун сынынан кийин 100дөй киши ажылыкка чогулткан акчасын айылды өнүктүрүүгө берди
Тажикстандын түндүгүндөгү Согд облусуна караштуу Шахристан районунда 100гө жакын тургун ажылыкка баруу үчүн топтогон каражаттарын айылдарын көрктөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө кайрымдуулук катары беришти. Жалпы чогулган каражаттын көлөмү үч миллион сомониден ашты. Бул 320 миң доллардан көбүрөөк. Бул тууралуу район башчысы Рабим Гафурзода маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна карагандай, бул демилге имамдар менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында ишке ашкан.
"Бул эч кандай мажбурлоо эмес. Биз эч кимден умрадан баш тартып, 15 миң сомонини (1600 доллар) бизге бергиле деп талап кылган жокпуз. Тургундар өзүлөрү ушундай сунуш менен айыл-кыштактардын жетекчилерине кайрылышкан. Мен айыл башчылары менен жолугуп, эл айылдын өнүгүшү үчүн каражат бөлсө, сөзсүз эсеп-кысап жүргүзүлүп, отчет берилиши керектигин айттым", — деди ал.
Район башчысынын маалыматына ылайык, чогулган каражат негизинен жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоого, электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга, ошондой эле бала бакчалардын жана башка социалдык мекемелердин шарттарын оңдоого жумшалган.
Тажикстанда мындай демилгелер президент Эмомали Рахмон жарандардын Мекке жана Мединага бир эмес, бир нече жолу баруусун ачык сынга алгандан кийин көбөйө баштаган.
Тажикстанда жарандарды милдеттүү ажылыкка жөнөтүү укугу расмий түрдө Дин иштери боюнча комитетке таандык. Ошол эле учурда, жыл сайын үчүнчү өлкөлөр аркылуу ажылык жана умрага баргандар көбөйгөнү байкалган.
Тажик коомчулугунда ажылыкка болгон көз караш бир кылка эмес. Айрымдар диний милдетти аткаруу керек деп эсептешсе, башкалары, айрыкча улам ажылыкка кеткен каражатты, туулуп-өскөн айыл-кыштактар менен шаарларды өнүктүрүүгө жумшоо туура деген пикирде.
