Парламентте ыштан улам Бишкекте өпкө оорулары, аллергиядан жабыркагандар көбөйгөнү айтылды
Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук инситутунун директору Жаркынбек Касымбеков Бишкекте ыштын айынан өпкө жана дем алуу органдары жабыркаган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу 2-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында айтты.
“Анын ичинде аллергиялык ринит түздөн түз абанын кирдешине тиешелүү. Бул эки жарым эсеге көбөйүп кетти. Өзгөчө балдардын арасында өсүп жатат”, - деди Касымбеков.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев учурда астма жана пневмония оорулары катталып жатканын кошумчалады. Ал 2014 менен 2024-жылдар аралыгындагы абалды салыштырып, оорулар 29,5% азайганын, ал эми бул дарт менен каза болгон учурлар 42,6% көбөйгөнүн билдирди. Бул көрсөткүчтөр бир эле абанын булганышына байланыштуу эмес экенин, ал бир катар фактордун бири экенин тактады.
Өкмөт соңку жылдары Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунда аба тазара баштаганын билдирип жатат.
Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат. Эки апта мурун Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдык индексти (AQI) 324 деп берди. 19-20-январда түнкүсүн бул көрсөткүч 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашкан.
