Айтматов атындагы мекемелер жазуучунун чыгармачылыгын коргоочу мыйзам иштеп чыгууну сунушташты
Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту, Айтматовдук эл аралык коомдук академия, “Айтматов” эл аралык клубу, “Айтматов” эл аралык фонду Жогорку Кеңештин депутаттарына, Мамлекеттик катчыга, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуу жолдоп, жазуучунун чыгармачылыгын коргоочу мыйзам иштеп чыгууну сунушташты.
Анда мурдараак “Манас” эпосун бурмалагандар көбөйүп, кийин коомчулуктан сокку жеген соң тынчып калганын, эми Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын кѳркѳм дүйнѳсүнѳ асылгандар арбыганы, ал системалуу түрдө болуп жатканы айтылат. Кайрылгандар муну “кыргыз коомчулугун ичтен иритүүгѳ жасалган астыртан аракет” катары баалаган.
“Чыңгыз Айтматовдун ысымына, арбагына шек келтирүү аркылуу элибиздин ынтымагын ичтен иритүүнү кѳздѳп жаткандардын тилегин таш каптыруу максатында, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы жѳнүндѳ” мыйзамды иштеп чыгуусун жана Жогорку Кеңеш ал мыйзамды күчүнѳ киргизүүсүн сунуш кылабыз. Азыркы учурда мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн абдан маанилүү болгон улуттук ыйык символдорду атайын мыйзамдар менен коргоо зарылдыгы күн ѳткѳн сайын даана тастыкталып жатат. Демек, кезинде “Манас” эпосу жѳнүндѳ мыйзам да ѳз убагында кабыл алынган. Дал ошондой мыйзам эми Айтматовго карата да кабыл алынышы абзел”, – деп айтылат кайрылууда.
Мунун алдында журналист Эрнис Кыязовдун подкаст аянтчасында маек курган Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев Айтматовдун чыгармачылыгына карата сын пикирин айтып, бул коомчулукта талкууларды жараткан.
Президент Садыр Жапаров 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо боюнча жарлыкка былтыр октябрда кол койгон. Мындай чечим жазуучунун 100 жылдыгына карата кабыл алынган.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулуп, 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң нуска менен чыгып келет.
Айтматов 1986-1991-жылдары Кыргызстандагы Жазуучулар союзунун туңгуч жетекчиси болуп иштеген. 1990-жылы СССРдин Люксембургдагы, 1994-2006-жылдары Кыргызстандын Бельгиядагы, Люксембургдагы, Нидерланддагы, Франциядагы элчиси болгон. (ErN)
