Испанияда поезддердин кагылышуусунан кеминде 39 адам мерт кетти
Испаниянын түштүгүндө, Андалусия аймагындагы Адамус шаарынан алыс эмес жердеги эки ыкчам поезддин кагылышынан кеминде 39 адам мерт кетти. Бул тууралуу El País маалымады.
Басылма дагы 73 адам жаракат алганын, алардын ичинен 24 кишинин абалы оор экенин жазды.
Кырсык 18-январь күнү кечке жуук болгон. Испаниялык маалымат каражаттары жазгандай, Малаги шаарынан Мадридге багыт алып келе жаткан Iryo компаниясынын поездинин акыркы эки вагону дагы бир поезд келе жаткан коңшу тилкеге оодарылып кеткен. Ал тилкеде Мадридден Уэльвге бараткан Alvia (Renfe) поезди бара жаткан. Мерт кеткендердин бири Alvia поездинин машинисти болгону кабарланды. Ыкчам поезддин вагондорунун тилкеден чыгып кетишинин себеби белгисиз.
"Iryo компаниясынын поезди дээрлик жаңы, темир жолдор да оңдоодон өткөрүлгөн. Бул тилкедеги оңдоо иштери былтыр май айында аяктаган. Кырсык таң калыштуу, түптүз линияда болду. Биз кеңешип жаткан бардык эксперттер таң калып жатышат", - деп билдирди транспорт министри Оскар Пуэнте. Ал набыт болгондордун саны өсүшү ыктымалдыгын кошумчалады.
Кырсыкка байланыштуу Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы ыкчам поезддер каттамы токтотулду.
