ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Мыйзамсыз алынып келген машинелерди каттоо мүмкүнчүлүгү берилбейт

0

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча кайра дагы бир жолу кампания өткөрүлбөй турганын билдирди.

Министрлик мындай машинелер убагында Кыргызстанга бажылык декларациялоо жол-жоболорун жүргүзбөй жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажылык жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык бажы төлөмүн төкпөй мыйзамсыз киргизилгенин кабарлады.

Мекеме өлкөгө автоунааны ташып келүүдө бир машинеге орточо 1 800 доллар бажы төлөмү алынып, аны Кыргызстандын ичинде каттоого дагы 400 доллар кетерин кошумчалады. Чет өлкөлүк номур менен жүргөн машинелердин ээлери бул каражатты төлөбөгөнүн белгилеген министрлик алардын автоунаасын утур-утур мыйзамдаштырып берүү мыйзамды так сактаган адамдарга карата акыйкатсыздык болуп каларын кабарлады.

Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилген. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык машине мыйзамдаштырылды. Ал эми жетишпей калгандар автоунаасын чет өлкөгө алып чыгып кетиши керек же тетик катары чачып сатса болот.

Ушул тапта чет өлкөлүк номур менен жүргөн автоунаалар кармалып, айып короого токтотулууда. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жарандарга дагы бир жолу убакыт берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер киргизилип кеткен. (BTo)