Иран жүргүнчү учактарга аба мейкиндигин жапты
Ирандын сот системасынын өкүлдөрү нааразылык акцияларына катышкан Эрфан Солтанини өлүм жазасына тартуу каралбаганын билдирди. Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар Ислам жумуриятынын бийлиги 26 жаштагы жигитти дарга асканы жатат деп коңгуроо кагышкан. Кеңсеси Америкада жайгашкан Адам укуктарын коргогон активисттердин кабарлар агенттиги 14-январга карай ырасталган жана текшерилген маалыматтарга таянып, Иранда каза тапкандардын саны 2435 адамга жеткенин, дагы 18 миңден ашуун киши кармалганын билдирди. Кошмо Штаттардын Тегеранга каршы аскердик аракет ыктымалдыгы жогору делген маалда Жакынкы Чыгышта абал чыңалды.
